• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жеңиш Молдокматов камакка алынды

6 Бугу 2021 22:39 Бишкек Govori.TV

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу журналист, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Молдокматовдун бөгөт чарасы эртең, 7-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.

Адвокат Кантемир Турдалиев Молдокматов Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шектелип жатканын билдирди.

“Молдокматов былтыркы октябрь айындагы тополоңдо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп шектелип жатат. Ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси менен камакка алынды”, — деди жактоочу.

Молдокматов 6-майда түшкө чейин Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары сурак берип чыккан. Ушул эле күнү ал кечке жуук кайрадан суракка барганы айтылды.

Количество просмотров: 597