• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жеңиш Молдокматов камакта калды

3 Аяк оона 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-октябрга чейин камакта калды. Бул тууралуу «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, Жеңиш Молдокматов ден соолугуна байланыштуу ооруканада.

«Азыр ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатат. Буга чейин доктурлар тез арада даарыланыш керек деген бүтүм чыгарган. 2-сентябрда Биринчи Май райондук соту 6-октябрга чейин камакта калтырды», — деп билдирди Бекчоро уулу.

Эске салсак, Жеңиш Молдокматов буга чейин Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалган. Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койгон.

Количество просмотров: 298