• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жеңиш паркында өрт чыкты

4 Бугу 20219:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Жеңиш» аянтында чөптөн чыккан өрттөн улам адамдар эс алуучу беседка күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-майда Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:25те ӨКМден 1 куткаруу бөлүмү тартылган.

Аталган өрт саат 02:34тө чектөөгө алынып, саат 02:38де толук өчүрүлгөн.

Количество просмотров: 441