• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жеңиш Разаков: «Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү азайды»

26 Тогуздун айы 2018 13:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.
Бул көрсөтүч акыркы 8 ай аралыгында аралыгында 3,1 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн  Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирген.
Анын айтымында, 2016-2017-жылдары сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү өскөн.
«8 айдын жыйынтыгы боюнча сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 481 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен экспорт 387 миллион долларды түзүп, 5,1 пайызга көбөйсө, импорттун көлөмү 1 миллиард 94 миллион долларды түзүп, 6,2 пайызга азайган»,-деди өкмөт мүчөсү.
Ал эми  2017-жылы сырткы соода 13 пайызга өсүп, экспорт 12,1 пайызды, импорт 12,4 пайызды түзгөнүн кошумчалады.  
Количество просмотров: 30