• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жеңишбек Ногойбаев Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

18 Бештин айы 2018 9:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV

Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеңишбек Ногойбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ногойбаев ушул жылдын 14-февралынан бери аталган министрликтин орун басары болуп иштеп келген.

Ногойбаев Жеңишбек Ашимкулович 1957-жылы Фрунзе шаарында  төрөлгөн.

Улуту: кыргыз.

Билими: 1974-1979-жылдары Урал политехникалык институту, электрондук техниканын инженер-маханиги адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

–1979-1985-жылдары Фрунзе заводу, инженер-технолог, программист, техникалык бюронун жетекчиси;

–1985-1987-жылдары Сары-Жаз тоо-байытуучу комбинаты, которуп жөнөтүү базасынын жетекчиси, топтомдоштуруу бөлүмүнүн башчысы;

–1987-1987-жылдары Механизацияланган көчмө колонна-264 (ПМК-264), «Чүйпромстрой» бирикмеси, механик;

–1989-1991-жылдары Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин аймактык илим-экономикалык борборунун пландык комиссиясы, директор, коммерциялык директор;

–1994-1997-жылдары «ГРАНиК» Кыргыз-Россия биргелешкен ишканасы, жетекчинин орун басары;

– 1997-1998-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын жакшыртуу боюнча Биринчи май райондук инспекциясы, жетекчи;

– 1998-1999-жылдары Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы, курулуш жана чарба бөлүмүнүн жетекчиси;

–1999-2001-жылдары «Жанар» акционердик коому, тышкы экономикалык байланыш жана маркетинг боюнча вице-президент;

– 2006-2013-жылдары «Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коому, башкы менеджер, директорлор кеңешинин мүчөсү;

–2013-2017-жылдары Транспорт жана жолдор министрлиги, салмак көлөмдүн көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси, «Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору, тышкы байланыш жана интеграция бөлүмүнүн башкы адиси.

Учурда үй-бүлөлүү, 1 уул жана 2 кызы бар.

2013-жылдын 27-сентябрынан тарта «Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеп, 2016-жылдын 1-мартында кызматынан бошотулган. Ага«Бишкек автовокзалы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалап жүргөндө, 2015-жылдын июль айында ишинде олуттуу кемчиликтерди кетиргени үчүн катуу сөгүш жарыяланган.

Буга чейин 2015-жылдын 20-июлунда Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиясы өзүнүн отурумунда бир нече кызматкерди, анын ичинде Ж. Ногойбаевди кызматынан бошотуу тууралуу токтом кабыл алган болчу.

Эске салсак, Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тендерди чет элдик компаниянын пайдасына чечип берүү максатында 520 миң доллар пара талап кылып кармалган.

Жогорку Кеңештин депутаттары транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетпей отурганы боюнча прокуратурага териштирүүнү тапшырган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолдор жана транспорт министринин орун басары чоң  коррупция менен кармаларын алдын-ала билгендигин билдирген.

Президенттин коопсуздук кеңешиндеги сын пикиринен кийин министр Жамшитбек Калилов отставкага кетүү боюнча арыз жазган.

Количество просмотров: 16