• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге 70 миң сомдон ыйгарууну сунуштады

20 Бирдин айы 202014:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Уулу Ата-Мекендик согуштун 220 ардагери бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал Жеңиштин 75 жылдыгына карата ар бир ардагерге 70 миң сомдон ыйгарууну сунуштады.

«Учурда жашап жаткан 220дай ардагерге менин эсебим боюнча 15 млн 400 миң сом кетет. Жылдан-жылга саны азайып бара жаткан ардагерлерибизге көңүл буруп, дөөлөттүү карылыгын татыктуу жашап өтүүсүнө көмөк көрсөтүшүбүз керек», — деди депутат Дастан Бекешев.

Количество просмотров: 96