• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жеңиштин даамы, ай! Акжол Махмудов сезимдери менен бөлүштү

26 Аяк оона 2023 10:34 Бишкек Govori.TV

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар Бишкекке кайтып келди.

Алар отурган учак 26-сентябрдын таңында «Манас» эл аралык аба майданына конду. Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон балбан Махмудов сезимдери менен бөлүштү.

«Сезимдер сонун! Быйыл ар бир мамлекет өзүнүн мыкты балбандарын алып келди. Мен беттеште ката кетирүүнү жана жеңилүү ызасын тартканды каалаган жокмун. Ошондуктан өтө кылдаттык менен күрөшкөнгө аракет кылдым. Эми мындан да көбүрөөк мээнет кылабыз деген ойдомун, алдыда Олимпиада оюндары турат»,-деди ал.

Количество просмотров: 166