• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖЭБ боюнча камакта отургандардын аппеляциялык арыздары карала баштайт

17 Үчтүн айы 2020 18:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги ЖЭБ боюнча айыпталгандардын аппеляциялык арыздары карала баштайт. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов «Апрель» сайтына билдирген.

Маалыматка ылайык, соттук отурум 20-январга белгиленип, ишти Бишкек шаардык соту карайт.

Эске салсак, жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча былтыр 6-декабрда Бишкек Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

Количество просмотров: 90