• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

ЖЭБ маселеси. Такталбаган маалымат тараткан кызматкер иштен алынды

3 Чын куран 2024 14:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек ЖЭБ ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоого 1 млрд 140 млн доллар салат” деген маалымат тарап, кийинчерээк ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган.

«Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду. Бул кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 70