• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

ЖЭБ соту: Экс-министр Ольга Лаврова сотто ыйлады

6 Бештин айы 2019 17:00 Бишкек Govori.TV

 Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Анда мурдагы финансы министри Ольга Лаврова акыркы сөзүн сүйлөп жатып көзүнө жаш алды.

«Дагы бир-эки жылдан кийин пенсияга чыгам, неберелеримди карап үйдө отурам деп ойлогом. 2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиев чакырып, «дефицит өсүп жатат, финансы тармагын жөнгө салып бериңиз. Бул жерде менин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы каралып жатат» деп суранган. Макул болуп натыйжалуу иштеп, өз ыктыярым менен кеткенден кийин кылмышка айыпташканы катуу сокку болду», — деп билдирген экс-министр.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян келтирилген. Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Количество просмотров: 120