• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖЭБдеги кырсык. Бишкектиктер кабатыр болчу нерсе жок

6 Аяк оона 201917:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) тактап айтканда, №7 турбиналык участкасында өндүрүштүк кырсык орун алып, эки киши жабыркаган.

Ал эми бул тууралуу Бишкек ЖЭБнин директору Андрей Воропаев маалымат берип, Бишкектиктер эч нерседен кабатыр болбоосун айтып, баардык мүчүлүштүктөр калыбына келтирилгенин билдирди.

https://www.facebook.com/100001070227302/videos/2432044710174513/

Воропаевдин айтымында колдоруна күйүк алган 2 электрикке биринчи медициналык жардам берилген, алар Бишкек шаарындагы №4 ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 109