• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖЭБдеги жарылуудан чыккан өрт таңкы саат 5те өчүрүлгөн

2 Бирдин айы 2024 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан чыккан өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылып, таңкы саат 5те өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр №108 дарегинде жайгашкан ЖЭБдин аймагында жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшүп, жерине саат 03:06дан тарта жалпы 6 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган.

«Өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен ЖЭБдин 5 кызматкери жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткизилген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу үчүн ыкчам топ түзүлүп иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 168