• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

ЖЭБди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө (сүрөт)

26 Чын куран 2024 12:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө шаарды үзгүлтүксүз ысык суу жана отжагуу мезгилинде жылуулук менен камсыздоо үчүн зарыл болгон жылытуу жабдуулары оңдолууда.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинен тарта № 10,23,13,15,20 — отказан агрегаттары жана № 7,9,11 – турбо агрегаттары пландуу оңдоодо турат.

Ал арада, 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине отказан жана турбиналык жабдуулардын техникалык даярдыгын камсыз кылуу максатында, 2024-жылы отказан цехинин негизги жабдууларын оңдоо боюнча Графикке ылайык, ст. № 13, 15, 17, 20 — отказан агрегаттарын орто оңдоо жана № 19- отказан агрегаты кезектеги оңдоо пландалган.

Турбиналык орнотмолор боюнча 2024-жылы ст. №6,9 турбоагрегаттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 4 турбиналык агрегаттарды ст. №5, 7, 8, 10 учурку оңдоого чыгаруу, №3 жана №4 энергоблокторун оңдоо пландаштырылууда., 2023-жылдан өткөн ст.№11-турбоагрегатка капиталдык оңдоону жана жылытуу жабдууларын оңдоону аяктоо каралган.

Количество просмотров: 86