• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков Александр Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

10 Баш оона 2020 18:04 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону өлкө Президенти кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады.

«Сиздин бай тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз элдин бакубатчылыгын жогорулатууга мындан ары да өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишенем. Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Беларусь Республикасынын достук мамиледеги элине — тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Количество просмотров: 140