• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: Балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталаган иштерди күчөтүшүбүз керек

20 Жетинин айы 2019 15:32 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Балдардын укуктары боюнча конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.

Урматтуу мекендештерим!

Мындан туура 30 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюму Баланын укугу жөнүндө конвенцияны кабыл алган. Кыргызстан ушул Конвенцияга кошулганына 25 жыл болду. Аны менен биздин коом ар бир бала ата-эненин жана мамлекеттин камкордугунда болот деп милдет алган. Биз балдардын укуктарынын сакталышын, сапаттуу билим алуусун, ден соолугунун корголушун, үй-бүлөнүн курчоосунда жана коопсуз чөйрөдө өсүшүн камсыз кылып, аларга карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүүбүз. Баарыбыз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип, алардын өзү теңдүүлөр менен катар өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз керек. Укук коргоо органдарынын, соттордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталаган иштери күчөтүлүүгө тийиш. Ушул жылдын 1-июнунда башталган, балдарды коргоого багытталган „Тумар“ кампаниясы жыл сайын өткөрүлүүгө тийиш. Балдарыбыз бактылуу болушсун! Аларга камкордук жана кубаныч тартуулайлы!»

Количество просмотров: 39