• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусуна барат

12 Баш оона 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы 12-13-август күндөрү жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердиги  менен таанышат.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы шарттарында ирригацияны жакшыртуу, ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.

Количество просмотров: 81