• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков Баткендеги оорукананын курулушу менен таанышты

12 Баш оона 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда 90 орундуу жаңы оорукананы ачуу үчүн калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оорукана үстүбүздөгү жылдын август айынын аягында пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, Баткендин 116 миңден ашуун жашоочусун 45 орундук жугуштуу оорулар бөлүмү тейлейт, бул орундуктар жетишсиз.

«Президент Сооронбай Жээнбеков: «Биз жаңы ооруканаларды курабыз, ал эми оңдоп-түзөөгө жарактуу имараттарды жабдып, толук кандуу медициналык мекемелерге айлантабыз. Бул багыттагы иштер бардык аймактарда жигердүү жүрүп жатат», — деп билдирди.

Ошондой эле, санариптештирүү көмүскөдө жүгүртүлгөн каражаттарды ачыкка чыгарып, анын эсебинен республикалык бюджетти толуктоого, социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Президент Коопсуздук кеңеши бир жарым жылдан бери саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү иликтегенин, жакынкы аралыкта кырдаалды жакшыртуу үчүн ар тараптуу чара көрүлөрүн билдирди

Количество просмотров: 73