• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

“Жээнбеков” базарынын ээси үй камагына чыкты

28 Жалган куран 202414:22 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык соту Кара-Суу базарындагы “Жээнбеков” деген базардын директору Кенжекан Жээнбекованы үй камагына чыгарды. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, өкүм 19-март күнү чыккан. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Жээнбекова 2024-жылдын 23-апрелине чейин үй камагына болот.

Атайын кызмат ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Кенжекан Жээнбекова кармалганын 26-январда билдирген.

Количество просмотров: 122