• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жеенбеков: Бийлик октябрда койгон күнөөлөрүн далилдей албай эми Facebookтагы постторума өтүштү

5 Чын куран 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан аясатчы Равшан Жеенбеков кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусу фейсбук баракчасына жарыяланды.

«Кемпир-Абадчыларды “Зомбулук, өрттөө, атуучу куралды, жарылуучу заттарды колдонуу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга” күнөөлөп кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча камашкан.

Эсиңерде болсо керек С. Жапаров Курултайда “миллиондогон долларларды четтен алышкан”, “портерлер менен ташымак” деген сөздөрдү айткан. Бийликтин жана УКМКнын колдоочулары жана фейк акаунттары дагы ушуга окшогон маалыматтарды таратып, мени дагы миллиондорду алып келген деп күнөөлөшкөн.

С. Жапаровко кимдир бирөө атайылап жалган маалымат берген адам катуу жаңылган.

Тергөө эч кимден зомбулукту, атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды, миллиондорду, керек болсо портерлерди да таба алган жок.

Мени “Casa Italia” ресторанындагы сөздөрүмдөн дагы мыйзам бузуу таба албай, УКМКны жана анын жетекчиси К. Ташиевти сындаган интернеттеги постторумдан “кылмыш” табышты. “С. Жапаровтун ар намысына, кадыр-баркына шек келтирген”, “бийликти кулатууга чакырык жасаган”, “массалык баш аламандыка чакырган” деген экспертизанын жыйынтыгы менен кечээ 4-апрелде тааныштырышты. Бийлик биринчи октябрь айында койгон күнөөлөрүн далилдей албай эми Facebookтагы постторума өтүштү», — деп жазат ал өз кайрылуусунда.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган саясатчы, активист, блогерлерге карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап, аларды 20-апрелге чейин абакта кармоо чечимин күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 111