• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков биометрикалык паспорт маселеси тууралуу үн катты

22 Чын куран 2019 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу 1-телекоммуникациялык форумга катышты. Анда Президент тендерлердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатканын айтып, биометрикалык паспорттордун айлагансында болуп жаткан маселе тууралуу сөз кылды.

«Паспорт тендери да ызы чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурду. Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек. Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Тендер процедураларынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл»,- деди Жээнбеков.

Эске салсак, биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон. тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган.

УКМК аталган үч жетекчи биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышканы аныкталганын маалымдаган.


Количество просмотров: 3