• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков Бишкектеги жаңы паркка ыктыярчы Адинай Мырзабекованын ысымын берүүнү сунуштады

11 Баш оона 2020 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын түштүк тарабында жаңы сейил багы пайда болот. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, сейил багына барганында коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис салым кошкон дарыгерлердин жана ыктыярчылардын элесине арнап, ага Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу Өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы медициналык кызматкерлердин күжүрмөн эмгегин дагы бир ирет белгилеп, дарыгерлерден жардам сурап кайрылбаган адамдар жок экенин кошумчалады.

«Алардын иши көзгө көрүнбөйт. Бирок эң баалуу нерсе — өмүр үчүн күрөштө биз баарыбыз Кудайдан тилеп, дарыгерлерден жардам күтөбүз. Бул оор күндөрү аларга кошумча күч келип, адам өмүрү үчүн жоопкерчиликтери артты. Дагы бир жолу биздин дарыгерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Президент ар бир мезгилдин өз баатырлары болорун белгиледи. Бүгүнкү күндүн баатырлары — биздин дарыгерлер.

«Замандаштар өз баатырларынын элесин түбөлүккө сактап калууга аракет кылышат. Биз да Адинайдын элеси көп жылдар бою сакталып калышын каалайбыз. Бул сейил бакка келген ар бирибиз Адинайдын жана биздин баатыр дарыгерлерибиздин жаркын элестерине таазим этели. Адинай келечекте дарыгер болууну кыялданып жүрүп, илдетке каршы алдыңкы сапта  ыктыярчы катары күрөшүп жатып, өз өмүрү менен кош айтышты. Мындай кызды тарбиялап чоңойткон ата-энесине таазим этем жана терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Количество просмотров: 82