• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков: Биздин эл үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү, уюшкан кылмыштуу мафия дагы башкарды

17 Жалган куран 2019 14:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин эл үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү, уюшкан кылмыштуу мафия дагы башкарды
«Биздин эл эгемен жылдарында үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү. Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган да мезгил болду. Анын далилдери коомчулукка жете баштады», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде.


«Биз элибиздин мүдөөсүн жакшы билебиз. Элибизде “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”, деп эзелтеден бекеринен айтылган эмес. Мен баш болуп, 3 бийликтин бутагы муну эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!»,- деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


“Куранда адилеттиктен тайбаган, Кудайдан корккон коом – адамзат турмушундагы эӊ жакшы коом болот деп айтылат. Биз мына ошондой таза, мыйзамды сыйлаган адилет коомду курабыз. Биз Кыргызстандын эгемендиги үчүн, элибиздин эркиндиги үчүн курман болгон мекендештерибиздин асыл максаттарын ишке ашырууга милдеттүүбүз. Жараткан өзү колдоп, ошол максатыбызга жетели!», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 8