• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков БУУнун баш катчысына кайрылуу жиберди

2 Чын куран 2020 16:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жиберди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Өз кайрылуусунда Жээнбеков БУУнун баш катчысынын коронавирус инфекциясына каршы күрөш үчүн 2 млрд. доллар өлчөмүндө гуманитардык иштерди башташ үчүн глобалдык план түзүү боюнча демилгесин колдой турганын билдирген.

Ошондой эле президент Кыргызстандагы эпидемияга каршы багытталган иш-аракеттер жөнүндө маалымат берип, коронавируска каршы күрөшүүдө өлкө башынан кечирип жаткан кыйынчылыктарды белгилеген.

2-апрелге карата Кыргызстанда 116 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен беш адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ушу тапта 1708 адам обсервацияда жатат.

Количество просмотров: 149