• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында видеокайрылуу жасады

22 Аяк оона 2020 11:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын сөзү толук берилет:

«Урматтуу Баш катчы,

Урматтуу Төрага мырза!

Айымдар жана мырзалар,

Кыргыз Республикасынын атынан мааракелик жыйындын бардык катышуучуларына салам айтам.

Биздин Уюмдун мааракелик 75 жылдыгы кыйын кырдаалда өтүп жатат. COVID-19 пандемиясы БУУ түптөлгөндөн тарта глобалдык масштабдагы олуттуу чакырыктардын бири болуп калды.

Туугандары менен жакындарын жоготкондордун баарына көңүл айтам. Ал эми бул илдет менен күрөшүп жаткандарга тез арада сакайып кетишин каалайм.

Пандемия биздин өлкөлөрдүн социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизди. Орто жана чакан бизнес жабыркады. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет.

Коронавирустун кесепети тышкы карыз көйгөйүнө катуу таасирин тийгизди. „Чоң жыйырмалыкка“ жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем.

Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Урматтуу катышуучулар!

Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдойт. Чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү.

Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз.

Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Урматтуу Төрага мырза!

БУУга мүчө- мамлекет катары, Кыргыз Республикасы анын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Биздин экология, тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү жана тарыхый мурастарды сактап калуу жаатындагы глобалдык демилгелерибиз эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынган. Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет.

Биз союздаштарыбыз жана стратегиялык өнөктөштөрүбүз менен мамилелерди мындан ары дагы чыңдайбыз деген бекем ниеттебиз. Кыргызстан социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдөгү жана коопсуздукту камсыз кылуудагы аймактык уюмдардын маанилүү ролун тааныйт.

Айымдар жана мырзалар!

Үстүбүздөгү жылы биз Уюмдун келечегин, көп тараптуулук принциптерин жана глобалдык эпидемияга каршы турууну талкуулап жатабыз.

Бул тема дүйнөдөгү оор кырдаалды болушунча таамай чагылдырып турат.

Бул чакырыктарды жеңүү үчүн Кыргызстан өзүнүн салымын кошууга даяр.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!»

Количество просмотров: 95