• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков Чүй облусуна иш сапары менен барат

3 Аяк оона 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы бүгүн, 3-сентябрда Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында кабарланды.

Маалымат боюнча, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Москва жана Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, сот органдарын жана медицина мекемелерин санариптештирүүнүн жүрүшүнөн кабар алат.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын ишмердиги жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

Количество просмотров: 82