• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков депутаттыкка аттанган жаш талапкерлер жөнүндө оюн айтты

19 Аяк оона 2020 20:58 Бишкек Govori.TV

Партия жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радиосуна” берген маегинде билдирди.

Жээнбеков парламентке аттанган жаш талапкерлердин дебаттарын көрүп жатканын, алардын көпчүлүгү санариптештирүү саясатын колдоп, аймактарды өнүктүрүү жөнүндө, кайра иштетүү тармагын колдоо керектигин айтып жатышканына токтолду.

“Эгерде ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар – санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү саясаты колдоо табат экен деген менде толук ишеним бар. Буга чейин да айткам, башталган реформа, долбоорлорду улантуу үчүн парламенттин колдоосу абдан керек. Партия жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар”, — деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 291