Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Анын негизинде, 2021-жылдын 31-августунда көз карандысыздык майрамын жогорку деңгээлде белгилөө, өз убагында даярдык көрүү тапшырмасы берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;
— Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөнү даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын 2020-жылдын 1-декабрына чейин бекитүү;
— аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен бөлүүнү кароо.
Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.