• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады

5 Тогуздун айы 2020 14:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Тажикстан Сиздин жетекчилигиңиз астында өз жолун таап, элдин тынчтыгын жана бакубаттуулугун бекемдөөгө багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жаткандыгын кубануу менен белгилейм. Сиз Тажикстан Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жана анын эл аралык кадыр-баркын чыңдоодо олуттуу ийгиликтерге жетише алдыңыз. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосундагы достук жана ынак коңшулукка негизделген мамилелер Сиздин жеке колдооңуз менен мындан ары да ырааттуу түрдө өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, бакты-таалай, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 77