• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

6 Теке 2020 20:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчылары эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды белгилешти.

Ошондой эле алар телефон аркылуу сүйлөшүү маалында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында мындан ары  биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Количество просмотров: 131