Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде Берлин шаарында, Германия Федеративдик Республикасынын Канцлери Ангела Меркель менен жолугушуусунун алкагында басма сөз үчүн билдирүү жасады.
«Бүгүн биз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайбыз жана келечектин пландарын белгилейбиз. Акыркы жылдарда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар бир топ активдешти. Буга 2016-жылы Федералдык Канцлер Ангела Меркелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши өбөлгө түздү», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Ал белгилегендей, бүгүн Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер мырза жана Бундестагдын Президенти Вольфганг Шойбле мырза менен маанилүү саясий жолугушуулар болуп өттү жана мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
«Алар эки тараптуу карым-катнаштын бардык тармактарын ичине камтып, өз-ара ишеним жана түшүнүү маанайында болуп өттү. Кечээ Мюнхен шаарында Бавариянын жетекчилиги жолугушууларды өткөрдүм. Ханс Зайдел атындагы Фонддо чыгып сүйлөдүм. Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу кенен айтып бердим. Биз эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан кыргыз-герман ишкерлер-форумун өткөрдүк. Экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган байланыштар түзүлдү. Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелеринин ортосунда 10дон ашуун маанилүү документке кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда да бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жыйынтыгы 1 миллиарддан ашык евро түзөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ангела Меркель Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канааттануу билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.
“Мен сиздердин агрардык сектордогу кооперативдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өтүнүчүңүздөр тууралуу маалыматым бар. Биз бул чөйрөдө кызматташа алабыз, фитосанитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз ”, — деди ал.
Ангела Меркель Мюнхенде өткөн кыргыз-герман форуму экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болооруна ишеним билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгиледи.
Ал расмий визиттин алкагында эки күндүн ичинде болгон жолугушуулар жана иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.
«Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери кирзилүудө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштоодо, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.