• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жээнбеков иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат

28 Бугу 201910:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

28-29-майда, Казакстандын Нур-Султан шаарында мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат. 30-майда, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Индияга иш сапары менен барат. Анын жүрүшүндө индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, 31-майда, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Количество просмотров: 13