• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барат

9 Аяк оона 2020 9:07 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрь күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат. 

Мындан сырткары, Президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.


Количество просмотров: 42