• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жээнбеков иш сапарын Жалал-Абадда улантат

21 Бирдин айы 20199:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы иш-сапарын 21-февралда Жалал-Абад облусунда улантат. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Анын жүрүшүндө Сузак районунун жашоочулары менен жолугат. Инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Мамлекет башчы кечээ, 20-февралда Баткенге барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары Кадамжайдагы “Факел” чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.

Количество просмотров: 12