10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке бекиген Садыр Жапаров маалымат жыйын берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал суроого жооп берип жатып, эгер мыйзам бузууга барганы аныкталбаса, Сооронбай Жээнбековго эч кандай куугунтук уюштурулбай турганын атты.
«Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен кызматтан кетсе экс-президент деген макамы сакталып калат. Эгер импичмент менен кетсе кылмыш иши козголмок», — деди ал.
Жапаров Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп сүйлөшкөнүн жана ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө макул болгонун билдирди.
Ал ошондой эле кийинки президенттик шайлоого катышуу боюнча азырынча чечим кабыл ала электигин кошумчалады.