• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат деп нааразы болду

24 Үчтүн айы 2020 11:27 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда кеңештин кезектеги жыйынында айтты.

Президент буга чейин кабыл алынган чечимдерди аткарууга жетиштүү убакыт берилгенин кошумчалады.

Чечимдердин аткарылышы белгиленген мөөнөттөн бир нече айга чейин созулуп кеткен. Айрым учурларда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле болууда. Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат», — деди Жээнбеков.

Президент Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбагандарга жана алардын аткарылышына «саботаж» жасоого аракет кылгандарга карата чара көрүлөрү тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилери кабардар экенин эскертти.

Количество просмотров: 91