• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча суракка чакырылды

31 Бугу 2021 16:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, Жээнбеков «Кумтөр» компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары өтөт.

Буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариев «Кумтөр» иши боюнча суракка алынган.

Эске салсак, 15-майда «Кумтөрдүн» кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экендигин айтканы бар. Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында “Кумтөрдү” тышкы башкарууга алуу чечими кабыл алынган. Жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Количество просмотров: 333