• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков өлкөбүздүн айымдарын 8-март майрамы менен куттуктады

8 Жалган куран 2020 13:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн асылзат айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу айымдар!

Сиздерди Аялдардын эл аралык 8-март майрамы менен куттуктайм!

Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукердиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет.

Элибизде Энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып келет.

Азыркы кезде аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатышат.

Алар турмушубуздун бардык чөйрөлөрүндө үзүрлүү иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошууда.

Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк да асыл зат аялдарга таандык.

Кымбаттуу айымдар, энелерди жана балдарды коргоо — мамлекеттик органдарынын ар дайым артыкчылыктуу милдети болуп кала берет.

Бардык аракетибиз аялдардын жашоо турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, албан ийгилик жана бактылуу турмуш каалайм».

Количество просмотров: 152