• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков менен Боронов эпидемиологиялык кырдаалды онлайн талкуулады

13 Теке 2020 19:14 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары шаарлардын, облустардын жана райондордун аймагына жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Бүгүнкү күндө негизги эки көйгөй катары Премьер-министр дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады. 

Ал соңку күндөрдө эл көп колдонгон бир катар дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын партиясы өлкөгө келгенин билдирди.

Өкмөт башчысы чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери аркылуу зарыл болгон дары-дармектерди алып келүү боюнча маселе дагы  сүйлөшүлүп жатканын белгиледи.

Кубатбек Боронов күндүзгү стационарлардын иштеринин натыйжалуулугун, азыркы тапта бардык муктаждар медициналык жардамды жана кеп-кеңештерди өз маалында алып жатканын айтты. Күндүзгү стационарларды ачуу боюнча мындай иштер өлкө аймактарында дагы каралып жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары, ал азыркы убакта Бишкекте медициналык персонал менен камсыздалып жаткан эки түнкү стационардын ачылышы тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге Премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортундагы «Семетей» обсервациясына баргандыгын айтты. Ал жакта реанимациялык бөлүм ачылып, шарттарын жакшыртууга көзөмөл күчөтүлгөндүгүн билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңкыстыгы жарандардын негиздүү нааразычылыктарын жаратып жатканын белгиледи. 

«Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштөө кажет, калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы медицина кызматкерлерин колдоо маселесине дагы өзгөчө көңүл бурду.

«Медиктердин, анын ичинде ооруп калган дарыгерлердин айлык акылары жана компенсациялык төлөмдөрү күттүрбөстөн берилиши керек. Албетте, алар өз маалында ысык тамак-аш менен камсыздалышы зарыл», — деди өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков. 

Президент бардык ресурстарды мобилизациялоо менен медициналык кадрлар резервин толуктоо боюнча иш жүргүзүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы вирус менен күрөшүүдө саламаттык сактоо системасын реформалоодо негизги талап болгон саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү жөнүндө унутпоо керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле ыктыярчылар жана жарандык активисттер менен натыйжалуу кызматташууну жолго коюу зарылдыгына токтолду.

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын компьютердик томографиядан өтүүсүнүн жеткиликтүүлүгүнө, мындай кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик медициналык мекемелерде камсыз кылууга көңүл бурду.

Премьер-министр Боронов медициналык мекемелерди компьютердик томографиялык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Биринчи жарым жылдыкта мындай жабдуудан алтоо алынган, Бишкек боюнча азыркы тапта он эки жабдуу бар. Облустардагы медициналык мекемелерди мындай жабдуулар менен камсыз кылуу планда бар.

Ошону менен бирге тез жардам каретасын сатып алуу жана абалы оор бейтаптар үчүн реанимациялык аймактарды көбөйтүү маселелери иштелип жатат.

Количество просмотров: 89