• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү

28 Жалган куран 20209:58 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле региондо коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө маселелери козголду.

Белгилей кетсек, 28 мартка карата коронавирус боюнча Кыргызстанда 58, Өзбекстанда 88, Казакстанда 150 учур аныкталган.

Количество просмотров: 553