• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кулубаев Швециянын министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

1 Баш оона 2023 10:22 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Швециянын тышкы иштер министри ыйык курандын китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек деген пикирин билдирди.

Количество просмотров: 54