Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцарияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жээнбековду Швейцариянын президенти Ули Маурер расмий визит менен чакырган.
Сапардын алкагында Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Анда соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.
Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.
Расмий делегациянын курамы: