• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымын кабыл алды

30 Чын куран 2020 17:35 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрайымы Элнура Боронбаеваны кабыл алды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, ошондой эле калктын буга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчы өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалда саламаттык сактоо тармагында системалуу алешемдиктер ачыкталганын белгиледи. Саламаттыкты сактоонун бүт системасын, анын ичинде жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну өркүндөтүү, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоонун ролун күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын айтты. Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин, ал бүтүндөй системага, анын ичинде бейтаптарды дарылоо шарттарына да пайдалуу таасирин бериши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле эл аралык жардам линиясы боюнча келип жаткан каражаттарды ырааттуу пайдаланууга көңүл бурду.

ММКФ төрайымы Элнура Боронбаева коронавирус инфекциясы пандемиясынын шарттарында фонддун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Өлкө жарандарын сапаттуу медициналык жардам менен кепилденген камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди. Ал бүгүнкү күндө бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде медицина кызматкерлери үчүн жеке коргоочу каражаттардын запасы бар экенин маалымдады.

«Бюджеттик акча каражатына коргоочу каражаттарды сатып алуу улантылып жатат, медициналык мекемелер алардын запастары менен күн сайын толукталууда. Жалпысынан акыркы 3,5 айдын ичинде бул максатка 187 млн сом багытталган», — деди Боронбаева.

Ошондой эле Элнура Боронбаева тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 107