• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жээнбеков: Орозо айында пейилибизди оңдоп, соопчулук иштерин жасайлы

6 Бугу 201910:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы, Орозо — ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы экенин белгилейт.

«Элибизди тынчтыкты, биримдикти бекемдөөгө, адамдарды бири-бирине жардамдашууга, урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат. Орозо айында муктаж адамдарга көңүл буруп, садага берип, достук жана бир туугандык мамилелерибизди бекемдеп, пейилибизди оңдоп, соопчулук иштерин жасайлы», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Президент эл ичине ынтымак, жергебизге бейпилдик тилеп өттү.


Количество просмотров: 23