• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков Путинди куттуктады

12 Кулжа 2019 9:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Мамлекеттик майрам — Россия күнүнө байланыштуу чын дилден чыккан каалоолорумду кабыл алып коюңуз. Бүгүн Россия Федерациясы туруктуу социалдык-экономикалык, коомдук саясий өнүгүүнүн жана өлкөнүн дүйнөлүк аренада кадыр-баркынын бекемделишинин үлгүсү болуп саналат. Сиздин кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошкон салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздин жеке катышууңуз биздин эки тараптуу мамилелерди сапаттуу толуктоого жаңы дем берип, союздаштык духун жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеди. Мезгилдин сыноолорунан өткөн кыргыз-орус кызматташтыгы мындан ары дагы биздин элдердин бакубат жашоосу үчүн өнүгө берерине ишенем», — деп жазылат Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Количество просмотров: 28