• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков: Раим деп айтып атпайсыңарбы… андай «коррупционерлер» ондоп ашкан

25 Бештин айы 2019 12:37 Бишкек Govori.TV

Азаттык радио жана Клооп сайты жакында журналистик иликтөө жүргүзүшкөн. Азаттыктык кабарчысы сиз факты бергиле деп сурайсыз, бирок Азаттык бир канча жолу иликтөө жасады, факты да берди, деп президенттен коррупция менен күрөш тууралуу суроо берди.

«Мына демократия, Азаттык каалаган суроосун бере алганы. Бажы системасы боюнча, эл аралык масштабтагы маселеге айланды. Баардык элдей эле биз бул маселени жек көрөбүз. Каерде коррупция бар ошол жерде күрөштү жүргүзүш керек. Бул маселе менин жүрөгүмдө. Бажы система коррупциялангандын уюгу болуп келен. Ар бир президенттин «кошелёгу» болуп келген. Менин максатым ошол «кошелёкторду» жоюш. Менин эки жылдык мээнетим өттү. Максатым коррупцияны жоюп, кызматымды таза тапшырып берүү. Раим деп айтып атпайсыңарбы, андай коррупционерлер ондоп ашкан. Андай толтура, маселе каякта, биздин элибиз коррупцияны жаман көрөт. Мурунку коррупционерлердин саясат технологдору Раим Матраимовду коррупциянын символу кылып туруп, мага жабыштыргысы келип жатышат. Мен дагы кызыктармын аягына чыгарганга, митинг да болду. Мен факты бергиле деп айтканым, жардам бергиле бизге, силер бердиңер маалымат, ошол фактылар менен эми укук коргоо органдары иштеп жатат. Маалыматым боюнча, Матраимов, Ширин Айтматова суракка келип кетишти, иш жүргүзүлүп жатат. Раим Матраимов мен келгенге чейин болгон, бирок мен түшүнүп жатам азыр менин жоопкерчилигимди, менден сурашат эми», — деди президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Количество просмотров: 2358