• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков ресторанда эл чогулткандарды жоопкерчиликсиздер деп атады

15 Кулжа 2020 16:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушту.

Анда, Президент акыркы күндөрү пандемиянын төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда тескерисинче күчөп жаткандыгын белгиледи.

«Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенин баса белгиледи.

«Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент илдеттин жайылуу коркунучу сакталып тургандыктан, пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин өзгөчө баса белгиледи.

Мындай кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда экенин кошумчалады.

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам», — деп белгиледи ал.

Количество просмотров: 1019