• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жээнбеков: Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн президент катары өз милдетимди аткарам

5 Аяк оона 2020 16:02 Бишкек Govori.TV

Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде билдирди.

«Таза шайлоо — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн негизги шарттардын бири деп буга чейин да айтылган. Азыр да кайталап кетем. Бул өлкөнүн өнүгүшүндөгү, келечектин негизги шарты. Шайлоонун таза, чыр-чатаксыз өтүүсү үчүн мен, Кыргыз Республикасынын президенти катары өз милдетимди толук аткарып жатам жана аткарам. Биринчиден, мыйзам талаасын кечиктирбей өз убагында оңдоп, түзөдүк. Мен эки жыл мурун айткам, көп кемчиликтер бар, оңдош керек, шайлоого бир жыл калганда мыйзам талаасын баары билиши керек. Шайлоо кандай өтөт, кандай мыйзам менен өтөт — ошонун баарын тең билиш керек. Атайын жумушчу топ түзүп, ал жумушчу топко Президенттин аппаратынан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, аппаратынан, эң негизгиси коомчулуктан, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кирип, бул боюнча бир жылдай иштеп, Жогорку Кеңеш ошол өзгөрүүлөрдүн баарын кийин кабыл алып берди. Биз шайлоого катышам дегендер үчүн мыйзамды тактап бердик. Алар үчүн мыйзамдык негизде эч кандай күтүүсүз жагдайлар чыккан жок. Мурдагы 9 пайызды (босого) 7 пайызга өзгөртүп, парламент кабыл алды, мен туура деп кол коюп бердим. Эмне үчүн дегенде, бул — парламентке көбүрөөк партиялар келгенге, көбүрөөк саясий күчтөр болуп, парламентте ачык талаш-тартыш менен мамлекеттин өсүшүнө салым кошсун деп, кабыл алдык. Кыскача айтканда, азыр бардыгы тең шайлоо эрежелери менен тааныш. Саясий күчтөр, саясий партиялар, шайлоого катышам деген ар бир Кыргызстандын жараны ошол мыйзам боюнча кабардар. Биз бул багытта бардыгын жасап бердик. Экинчиден, бардык саясий партияларга бирдей шарттар түзүлдү. Кайсы партиялар жеңип келсе, өлкөнү өнүктүрүү багытында иштешүүгө даярдыгымды 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында расмий билдирдим. Үчүнчүдөн, кечээки Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдарына дагы бир ирет катуу айттым. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек. Шайлоо мыйзамын бузгандарга бирдей мамилени камсыздоо талабы коюлду. Мен туура түшүнөм. Аны угуп-окуп атам, аппаратым кайсы жерде эмне кемчилик болсо чыгаары менен мага билдирип турушат. Кыргызстанда болуп, айтылып жаткан бардык кемчиликтер боюнча кабардармын. Мен, албетте, коомчулуктун, айрым бир саясий күчтөрдүн кооптонуусун түшүнүп турам. Муну баштан өткөргөнбүз. Биздин өлкө эки ирет элдик толкундоону көргөн өлкө. Айрыкча, 2010-жылы абдан трагедиялуу окуялар болду. Апрелдеги, Оштогу июнь окуясы. Анын баарын өз көзүм менен көрдүм. Баары көз алдымда турат. Ошол эки революциянын себеби — ушул шайлоонун кесепетинен чыккан толкундоо болду. Ошондуктан элде кооптонуу да бар, имиш-имиш кептер да бар. Шайлоо туура эмес өтөт деп шек санагандар дагы бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элдин оюна сиңиргенге аракет кылган күчтөр бар. Эмитен эле шайлоо туура эмес өтөт деп элди көчөгө чыкканга даярдангыла деген да күчтөр бар. Анын баарын көрүп турабыз. Дагы айтып коюшум керек — президент катары мен тараптан, Президенттин аппараты тарабынан бардыгына бирдей мамиле болот. Бардык мамлекеттик органдарга бирдей талап болот. Келип бюллетень таштайм, шайлайм деген ар бир адамга тоскоолдуксуз оюн билдиргенге шарт түзүп беребиз. Бирок, ачык айтып коюушум керек, ошол эски адат менен, ушул шайлоонун эпкини менен тынчтыкты буза албаса да, учурдан пайдаланып, кырдаалды чайпап жибергиси келгендер да бар. Андайларга алдын ала чаралар көрүлө турганын кечээ Коопсуздук кеңеште да так кесе айттым. Чечим кабыл алып, анда да так, даана жазылды. Мен да катуу талап койдум. Шайлоо процессине катыша турган бардык тараптар үчүн бул алдын ала кагылган коңгуроо деп түшүнсө болот. Анткени, дагы айтам, өлкөдөгү тынчтыкты, элдин тынчтыгын, коопсуздугун сактоо — менин негизги милдетим. Бул милдетти аткарып келатам, аткарам. Ошондуктан, мен дагы бир ирет эскертип кетем. Шайлоону пайдаланып, ызы-чуу кылгысы келгендер, өзүнө упай топтогусу келгендер баары көз жаздымда калбайт. Мен терең ишенем, биздин кеменгер элибиз, биздин жарандык коомдон да чоң колдоо болот деп. Шайлоонун тынч өтүшү — бул бир эле мага эмес, жалпы элибизге, коомчулук үчүн керек маселе. Ал эми шайлоо тазалыгын айтсам, президент, Борбордук шайлоо комиссиясынан тышкары, саясий партиялар, саясатчылар, коомдук активисттер, шайлоочулар — баарыбыз жооптуубуз. Муну терең түшүнүү керек. Азыр мына, добуштарды сатып алуу тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат. Добушту сатпай коюу ар кимибиздин жеке эркибиз. Эч ким мажбурлабайт. Билип-көрүп туруп, анан кичинекей болбогон каражатка алданып жатпайбы. Ошон үчүн күнөөнү бир эле мамлекеттик бийлик, органдар карабайт дебестен, ар ким өзүнөн баштап, анан жанындагы адамдарга ошондой талапты кое-билсек, шайлоо таза, жакшы өтөт деп ишенем. Мен президенттик милдетимди, БШК өз милдетин, партия, шайлоочулар өздөрүнүн укугу менен кошо милдетин так аткарса эле, шайлоо таза өтөт. Бул ар бирибизге байланышкан нерсе. Ошондуктан, байкоочу же сынчы эмес, баарыбыз катышуучу болушубуз керек. Бул — өлкө үчүн, баарыбыз үчүн чоң сыноо. Бул сыноодон да татыктуу өтүшүбүз керек. Ошондуктан, мен бардык мекендештеримди дагы бир ирет жоопкерчиликке чакырам. Бул — жалпы улуттук милдет деп баарыбыз тең сезишибиз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 177