• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков Си Цзиньпинге улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду

4 Чын куран 2020 11:38 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Президенттин кайрылуусун өлкө башчынын басма сөз кызматы таратты.

Кайрылууда: «2020-жылдын 4-апрелинде Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатынын өткөрүлүшүнө байланыштуу сизге жана жалпы Кытай элине чын дилимден көңүл айтууга жана ооругандардын тезинен айыгып чыгышына каалоо айтууга уруксат этиңиз.

Кыргыз тарап жеке сиздин жана Кытай өкмөтүнүн пандемиянын жайылышын алдын алуу үчүн көргөн аракеттериңиздерди жана ошондой эле кытай элинин көрсөткөн кайратмандыгын жогору баалайт. Жакын арада Кытай бул ооруну толугу менен жеңип чыгып, өзүнүн экономикалык өнүгүп-өсүү жолун жаңы дем менен улантарына терең ишенем. Биздин өлкөлөр ортосунда достук, ынтымак жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү толук өз ара түшүнүшүү бар экенине дагы бир жолу ишендирип кетким келет», — деп айтылат.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге жана кытай элине учурдагы кыйын күндөрдө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 176