• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жээнбеков: Сот тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келген

11 Жалган куран 201915:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.

«Кейиштүү нерсе — биздин соттордо көптөгөн иштер узак мезгил бою, кээ бир учурларда жылдар бою каралаары баарыбызга белгилүү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында айтып өттү.

«Менин дарегиме иштердин кароо мөөнөтүн создуктуруу жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Судьялар соттук талаш-тартыштарды кароону создуктуруу менен ашыкча бюрократияга жана соттук кыңыр иштерге өздөрү жол берүүдө»,-деди президент.

Мисал катары президент, 2018-жылдын декабрь айында болуп өткөн соттук реформа боюнча кеңештин 2-жыйналышында да сот процесстеринин жүйөөсүз созулушу жөнүндө соттук иштери тууралуу маалыматты эскерди.

«Анда мага кайрылган  бир жарандын катардагы иши 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп келген. Жогорку сот тарабынан 4 ирет каралып, негизинен чечим чыкпай, улам кайра кароого жөнөтүлө берген. Дагы бир мисал, бир адамды атып, майып кылган кылмышкер тууралуу жазык ишин алалы. Азыр алардын атын-жөнүн айтпай эле турайын. Бул жазык иши 2005-жылы козголгон. Ошондон бери Жогорку сот тарабынан көзөмөл тартибинде 7 жолу каралган.Бул жети жолу кароонун жыйынтыгында Жогорку сот жергиликтүү сотторго жоопкерчиликти жүктөп, биротоло чечим кабыл алган эмес»,- деп айтты президент.

Дагы бир кайрылуу, 8 жылдан бери бүтпөй келе жаткан соттук иш тууралуу арыз келип түшкөн.

«Бул 2011-жылы козголгон жазык иш экен. Бүгүнкү күнгө чейин Жогорку сот тарабынан  бул иш боюнча жергиликтүү соттордун кабыл алган чечимдери эки жолу жокко чыгарылып, ал жаңы кароого жөнөтүлүптүр. Бирок азыркы күндө ал иш боюнча акыркы чечим чыга элек. Аталган иш кайра эле Жогорку сотто каралышы толук мүмкүн. Жогорку сот ишти ушинтип кайра кайра карай берген учурлар абдан көп. Бул жерде адам тагдыры болуп жаткан соң, чечим кабыл алынышы керек деп эсептейм»,- дейт Жээнбеков.

Келечекте Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигине жергиликтүү соттордой эле иштерди карабастан, өзүнүн негизги вазыйпасы катары соттук тажрыйбаны жалпылоо жана Пленумдун ишин күчөтүү деп тааныш керек.

Президенттин айтымында, адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келген.

Количество просмотров: 22