• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков суракка чакырылды

14 Кулжа 2022 18:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу саясатчы өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Равшан Жээнбеков бүгүн, 14-июнь саат 18:00 чакырылган. Бирок анда кайсы иш боюнча сурак бере тургандыгы жазылган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Равшан Жээнбеков Казакпаевдин өлүмү үчүн Камчыбек Ташиевди отставкага кетүүгө чакырган. Ал эми Ташиев абактан ооруканага которулуп каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн бир катар саясатчылар өз максатына колдонуп жатканын айтып, Жээнбековду башкармалыкка алып келип, расмий түрдө жалган маалымат таратууга болбой турганы боюнча эскертүү берүүнү тапшырганын кабарлаган.

Количество просмотров: 1526